Баткенде эки чек арачы уруша кетип, биринин жаагы сынды

 Баткенде эки чек арачы уруша кетип, биринин жаагы сынды

9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган.

Дарыгерлер анын төмөнкү жаагынын жабык сыныгын аныкташкан. Учурда жабырлануучуга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Бул факты боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Кызматташына карата күч колдонгон аскер кызматкери анын аракеттерине укуктук баа берилгенден кийин терс негиздер боюнча аскер кызматынан бошотулат.

Кызматтык иликтөөнүн материалдары күнөөлүү адамдын аракеттерине укуктук баа берүү жана мыйзам талаптарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

Связанный пост