Бишкекте аялын атып өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

 Бишкекте аялын атып өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2026-жылдын 10-июлунда У.Б.М.га карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары, ал Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратуу жазасына кесилди.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесине ылайык, дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен У.Б.М. үчүн акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу белгиленди.

Мындан тышкары, соттун чечими менен айыпталуучу жабырлануучу, 2006-жылдын 12-сентябрында туулган У.Б.Б.га келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Связанный пост