Жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө.
Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, жыл башынан бери 109 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул салынды.
Рейддин иштер министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жүргүзүлүүдө. Токтом менен эндуро мотоциклдеринин, квадроциклдердин жана автоунаалардын жайыт аймактарына көзөмөлсүз кирүүсүнө катуу тыюу салынган.
“Түрдүү техникалардын жайыттарга кирүүсү көк шиберди талкалап, өсүмдүк катмарын бузат жана жердин табигый абалына олуттуу зыян келтирет”, – деп айтылат маалыматта.