Ат-Башыда электр тогу менен балык кармагандардын иши УКМКга өткөрүлдү
Ат-Башы районунун Арпа өрөөнүндө мыйзамсыз балык кармаган чет элдиктерге 45,5 миң сом айып салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Арпа өрөөнүндө электр балык кармоочу аспап менен мыйзамсыз балык уулоого байланыштуу кармалган төрт чет элдик жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык ар бирине 10 миң сомдон, жалпысынан 40 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, алардын жайыт жерлеринде автоунаа менен мыйзамсыз жүргөнү үчүн дагы 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
“Учурда бул факты боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.