8-мартта саат 23:55 чамасында Каракол шаары боюнча ЖККБНЫН инспекторлору КР ИИМ Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте облустук борбордо кызмат өтөшкөн. Жакыпов көчөсүндө 1974-жылы туулган Б.Ж. башкарган “Тойота Виш” маркасындагы унаа токтотулган. Милиция кызматкерлери айдоочу мас абалында деп шектенишкен. Кийинчерээк медициналык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгында айдоочу мас абалда экени аныкталган. Бул факт боюнча КР укук […]Читать далее
«Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар суммада акча каражатын алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын ЧАК кызматкерлери менен биргеликте «Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстанга […]Читать далее
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек мэриясына караштуу “Бишкек асфальтсервис” Муниципалдык ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү, автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүдө, 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын жана “БАС” МИнын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, өздөрү жана башка адамдар үчүн […]Читать далее
КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келип, сатуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти. Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 6 унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес […]Читать далее
8-марттан күчүнө кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа башкаргандардын саны 41 пайызга азайууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Өлкө аймагында 8-марттан тартып, бүгүнкү 16 күн ичинде мас абалында унаа башкарган 423 айдоочу аныкталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле убактысында 800 мас айдоочу аныкталган. Демек мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 […]Читать далее
Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин аймагына Корея Республикасынан жаңы автоунаа тетиктерин мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылышкан, деп билдирди КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан. Фактыны «Түштүк-Батыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө аныкташкан. «А.Б.У» ЖЧКсынын […]Читать далее
Васильевка айыл өкмөтүндө 186 млн сомдук сугат айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Чүй областтык прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Аламүдүн районун Васильевка айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калган жалпы […]Читать далее
Бишкек-Ош жолуна асфальт төшөөдө Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары акча каражаттарын кымырып алышкан. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирген. Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын №30 Жол-тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарын кыянатчылык менен пайдаланып, Бишкек-Ош автожолунун […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 2023-жылдын 17-мартында бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды, бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россиянын абактарындагы Кыргыз жарандарын мамлекетибизге которуу тапшырмасын аткаруунун алкагында, КР Башкы прокурорунун орун басары К.Токтакунов жетектеген жана анын курамына КР Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин өкүлдөрү кирген делегация Москва шаарына иш-сапар менен барды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди. Делегация Россиянын Юстиция министринин орун басары – […]Читать далее