Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды

2023-жылдын 3-апрелинде КР УКМК Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жаранына карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын банк картасына которуу учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост