Кыргызстандын желегин дүйнөнүн эң бийик чокуларында желбиреткен альпинисттер өз мекенине аман-эсен кайтып келишти. Бүгүн аларды “Манас” эл аралык аэропортунда салтанаттуу тосуп алуу аземи өтүп, ага тийиштүү мамлекеттик органдын өкүлдөрү, альпинисттердин жакындары катышты. Кыргыз альпинисттери үчүн бул жолку экспедиция эбегейсиз ийгиликтер менен коштолду. Делегацияны жетектеп барган Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов рекордду […]Читать далее
Эртеңки Кыргызстан – Малайзия футбол боюнча улуттук курама командалардын беттешинин алдында бүгүн Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан курамасынын расмий машыгуусу өттү. Машыгуунун старты алдында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү. “Эртең баарыбызды абдан маанилүү оюн күтүп жатат. Сиздердин оюнуңуздар футбол сүйүүчүлөрүнө өлкөбүздөгү футболдун жаркын келечеги бар […]Читать далее
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев 24-майда Бангкокто (Таиланд) өтө турчу лицензиялык олимпиадалык турнирге катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушуу өткөрдү. Белгилей кетсек, аталган турнирге республикабыздын атынан 6 спортчу катышат. Камчыбек Ташиев улуттук курама командага олимпиадага лицензия алууда ийгиликтерди каалап, ар бир кыргызстандык спортчуда мекенге […]Читать далее
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Амантур Исмаилов быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Ал 67 кг чейинки салмакта жолдомо үчүн беттеште кытайлык Хусиету Хусиетуну 9:1 эсебинде утту. Буга чейин Түштүк Кореядан келген Ёнг Жин Рон атту спортчуга эки жолу 5 упайлык ыкма колдонуп, жыйынтыгында 11:0 ири эсебинде жеңишти камсыздай алган. Бишкектеги Азиялык […]Читать далее
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери 10-июндан тарта башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Оңдоп-түзөө иштери 2024-жылдын сентябрь айынын ортосунда аяктоосу пландалууда. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жеринде көчмө жыйын өткөрүп, шаардык муниципалитетке стадиондун айланасын көрктөндүрүү, Кыргыз футбол биримдигине оюн тааласын калыпка келтирүү жана жарыктандыруу системасын оңдоп-түзөө, ал эми Финансы министрлигинин жана […]Читать далее
Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык Олимпиадалык квалификациялык мелдештин жыйынтыгы менен Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Кыргызстандык спортчу жарым финалдык беттеште өзбекстандык Набира Эсенбаева менен күч сынашып, жыйынтыгында 7:2 эсебинде жеңишти камсыздай алды. Буга чейин казакстандык Елена Шалыгинаны (6:2 “туше”) жана индиялык Ниша Нишаны (9:1 “туше”) […]Читать далее
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу (57 кг) жана Эрназар Акматалиев (65 кг) Париждеги Олимпиадага жолдомо утуп алды. Азиялык Олимпиадалык квалификациялык мелдеш Бишкекте өтүүдө. Аталган мелдеште финалга чыккан споотчулар автоматтык түрдө Олимпиада оюндарына жолдомо алат. 57 кг чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалдык баскычтан баштап Палестина өлкөсүнөн […]Читать далее
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бишкекте өткөн чемпионатка 20 өлкөнүн тандалган балбандары катышты. Учурда Кыргызстандын капчыгында 6 медаль бар (1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло). Алтын медалды Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жеңсе, күмүш байгени Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) багындырды. Коло медалга […]Читать далее
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. 62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түштүк Корея өлкөсүнөн келген Сюн Жо аттуу балбан кызды 6:0 эсеби менен алдыга чыгып келе жатып туше ыкмасын колдонуп, таза жеңишке жетти. Жарым финалда […]Читать далее
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту. Ал 76 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдан баштап катышып, анда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып, финалга чыкты. Ал эми чечүүчү финалдык […]Читать далее