Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду

 Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.

 

Ал 76 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдан баштап катышып, анда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди.

 

Жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып, финалга чыкты.

 

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык спортчу Юнуян Хуангды 10:7 эсебинде ишенимдүү утуп, алтын медаль тагынды.

 

Ошентип Айпери Медет кызы өз карьерасында Азиянын эки жолку чемпиону аталды.

 

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 2022-жылы дагы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатында дагы алтын медалга татыган. Мындан сырткары, ал үч жолу Азия чемпионатынын күмүш медалын жеңген.

Связанный пост