Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери 10-июнда башталат

 Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери 10-июнда башталат

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери 10-июндан тарта башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

 

Оңдоп-түзөө иштери 2024-жылдын сентябрь айынын ортосунда аяктоосу пландалууда. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жеринде көчмө жыйын өткөрүп, шаардык муниципалитетке стадиондун айланасын көрктөндүрүү, Кыргыз футбол биримдигине оюн тааласын калыпка келтирүү жана жарыктандыруу системасын оңдоп-түзөө, ал эми Финансы министрлигинин жана Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктигине каржы булактары менен оңдоп-түзөө иштерин пландоо, Жеңил атлетика боюнча федерациясына чуркоочу аянтчаларды кароого алуу тапшырмаларын берди.

 

Эскерте кетсек, 6-июнда өлкөнүн башкы футбол аренасында Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан – Малайзия командаларынын жооптук беттеши өтөт.

Связанный пост