Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды. Махмудов быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан. Махмудов беттештердин 55%ын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча же атаандашынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) чечими менен 2023-жылдын мыкты балбаны аталды. Айсулуу Тыныбекова быйыл 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан. Апрель айында Астанада болгон Азия чемпионатында да алтын алып, кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы […]Читать далее
8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады. Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты. Мамлекет башчысы турнирдин негизги максаты – сергек жашоо образын жайылтуу экенин айтты. Ал спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи. “Турнир барган сайын жакшырып жатканы кубандырат. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 3 коло) жеңди. Кыздар арасында 57 кг чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болсо, +70 кг салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды. Балдар арасында 55 кг чейинки салмакта Адис Орозмаматов, 73 кг чейинки […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алматы шаарында (Казакстан) өтүп жаткан “Asian Cup” Эл аралык мелдешинде 6 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 3 коло) жеңди. 75 кг чейинки салмакта Назым Нурланов алтын медалга ээ болсо, +68 кг чейинки салмакта Екатерина Руденко жана Мухамед Ильясов күмүш медаль тагынышты. +68 кг чейинки салмак ченинде Бекдөөлөт […]Читать далее
КР Президентинин Администрациясында 2023-жылкы Азиянын пара оюндарында жеңишке жеткен кыргызстандык
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Ханчжоу (Кытай Эл Республикасы) шаарында өткөн IV Азиянын пара оюндарына катышып жеңиш менен кайтып келген кыргызстандык спортчуларды куттуктады. Белгилей кетсек, Хусан кызы Хайитхон дзюдо боюнча алтын медаль, Жалалдин Абдувалиев жеңил атлетика боюнча күмүш, Жүзбаева Гүлназ жеңил атлетика боюнча коло […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын “Алыш” белбоо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда 5 медаль (3 алтын, 2 коло) жеңди. 90 кг чейинки салмак категориясында Азизхан Мусабек уулу, 70 кг чейинки салмакта Марлен Абдрасулов алтын медалга ээ болду. Ошондой эле 80 кг чейинки салмакта Элдияр Сексенбаев коло медаль […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын таэквон-до (GTF) боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында (Орусия) өткөн Дүйнө кубогунда 46 медаль (20 алтын, 12 күмүш, 14 коло) жеңди. Мелдешке 17 мамлекеттен 400дөн ашык спортчу катышып, 11-16-октябрь күндөрү өттү. Кыргызстандык спортчулар жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду Орусия, 3-орунду Казакстандын курама командасы камсыз кылды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: – 45 […]Читать далее
Бүгүн, 9-октябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Ханьчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарынын катышуучулары Бишкек шаарына учуп келди. Спортчуларды Манас Эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү менен спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды. Белгилей кетсек, аталган мелдеш 23-сентябрда башталып 8-октябрь […]Читать далее
Кыргызстандын курама командасы Азия оюндарында 18-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты. 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндары өттү. Оюндарда Кыргызстан 23 спорттун түрүнөн, 162 спортчу катышты. Жалпы эсеп боюнча улуттук курама команда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи.Читать далее