Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган мелдеште “Ынтымак” командасы чемпион болду

 Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган мелдеште “Ынтымак” командасы чемпион болду

Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште Таластын “Ынтымак” командасы чемпион болду.

Турнирдин жогорку жана биринчи лиганын финалдык оюндары бүгүн “Аккула” ат майданында орун алды.

Жогорку лиганын финалдык оюндарында Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командалары кездешип, жыйынтыгында 3:2 эсебинде “Ынтымак” жеңишти камсыздай алды.

3-орун үчүн “Сары-Өзөн” – “Мурас” командалары беттешип, оюн 8:1 эсеби менен жыйынтыкталып, “Сары-Өзөн” командасы 3-орунду ээледи.

Биринчи лиганын финалдык оюндарында “Намыс” жана “Кара-Кулжа” командалары кездешип, 3:0 эсебинде “Намыс” командасы жеңишке жетти.

Ошону менен Жогорку лигага чыкты. Ал эми 3-орун үчүн “Алтын-Альянс” жана “Улар” командалары беттешти. Негизги оюнда эсеп саны 2:2 менен аяктап, кошумча 10 мүнөт берилди. Алтын голду “Алтын-Альянстын” оюнчусу Темирлан Шаршенбек уулу жаратып, “Алтын-Альянс” 3-орунду камсыздады.

20-мартта болсо экинчи лиганын финалдык оюндары өтүп, биринчи орун үчүн “Ак-Илбирс” менен “Талас” командасы кез келди. Оюн 7:6 эсебинде “Ак-Илбирс” командасынын пайдасына жыйынтыкталып, биринчи лигага сапар алды.

3-орун үчүн “Кара-Шоро” жана “Манас-1” командалары кездешти. 3-1 эсебинде “Манас-1” жеңишке жетишип, 3-орунду камсыздады.

Связанный пост