Денис Петрашов АКШда өткөн Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

 Денис Петрашов АКШда өткөн Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Денис Петрашов АКШда өткөн Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду.

 

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Сан-Антонио шаарында (Техас, АКШ) өткөн “2024 TYR Pro Swim Series” аттуу Эл аралык турниринде алтын медалга татыды.

 

Ата мекендик спортчу 11-апрелде 62 спортчу катышкан 100 метр аралыкка “брасс” жарышында 1 мүнөт 0,49 секундда келип финалга чыккан. Ал эми, финалдык сүзүүдө 59,83 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, биринчи орунду ээледи.

Связанный пост