Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча, жергиликтүү калк менен түз байланыш түзүү жана көтөрүлгөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында өлкөнүн аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөлдөөчү жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Улуттук нарк – элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанат. Алар элдин маданиятынын негизин түзүүчү фактор болуп саналат, анткени эзелки замандан башталып, муундан муунга […]Читать далее
Сооронова Нурия Рахманбердиевна КР Айыл чарба министринин жер ресурстары боюнча орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон билдиргендей, ал мурда Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.Читать далее
Бузук ККМди колдонгондорго административдик жоопкерчилик каралгандыгын Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Маалыматка ылайык, акыркы убакта Мамлекеттик салык кызматына “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясына катышкан жарандардан чектеги QR-коддун сапаты начар болгондуктан кодду сканерлөө мүмкүн болбой жаткандыгы тууралуу көптөгөн даттануулар келип түшкөн. Ушуга байланыштуу ишкерлерге бузук ККМди колдонгондугу үчүн эскертүү берүүгө же айып салууга алып келерин […]Читать далее
Бүгүн, 29-августта Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Министр Ж.Кулубаев Индиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана эки өлкөнүн жана элдин ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы чыңдоо үчүн жемиштүү иш алып барууну каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда түрдүү тармактарда, атап айтканда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн Кытай тарап менен кызматташуу артыкчылыктуу багыт катары саналарын, анткени эки өлкөнүн элдерин кылымдык тарых байланыштырып, […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгында Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту. Төмөнкү документтерге кол коюлду: – «Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук; – «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады. Төмөндө билдирүүнүн текстин келтиребиз: «Бүгүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Евразиялык экономикалык комиссиянын алгылыктуу ишин белгилеп кетким келет. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды. Тараптар төмөнкү […]Читать далее
Чолпон-Атада КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. КР Министрлер Кабинетинин башчысы өз сөзүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин маанилүүлүгүн белгиледи. “Кол коюлган келишимдер интеграциянын бардык катышуучуларына жемиштүү жыйынтык алып келет деп ишенем”, – деди ал. Эскерте кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда […]Читать далее
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму 20-21-октябрда Арменияда өтөт. Бул тууралуу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.Читать далее