Бакыт Төрөбаев: “Кичи жана орто бизнести колдоонун бир катар механизмдери киргизилди”

 Бакыт Төрөбаев: “Кичи жана орто бизнести колдоонун бир катар механизмдери киргизилди”

«Түштүк Экспо-2022» көргөзмөсү катышуучу өлкөлөрдүн ишкерлеринин кызматташуусуна пайдубал түзөт деп эсептейм. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Түштүк Экспо-2022» эл аралык универсалдык көргөзмө-жарманкесинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Иш-чараны ачып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, көргөзмөнүн катышуучуларына саламын жолдоду.

«Жалпыга белгилүү болгондой, ааламдашуу шартында мамлекеттер аралык мамилелерде саясаттын локомотиви катары экономика болуп саналат. Биздин оюбузча, мамлекеттер аралык мамилелердин алкагында жана ишкер чөйрөлөрдүн ортосунда да өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу маанилүү. Кыргыз Республикасы бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташуунун жаңы архитектурасын түзүү максатында конструктивдүү диалогду жана өз ара аракеттенүүнү жайгарууга кызыкдар деп ишенимдүү айта алам. Кызматташтыкты чыңдоо менен биз бул аянтчаны эң орчундуу экономикалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча тажрыйба алмашуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү катары колдонушубуз керек», – деди ал.

Бакыт Төрөбаев көргөзмө-жарманкенин катышуучуларына жана конокторуна кайрылып, экономиканы кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы даярдалгандыгын билдирди.

«Биздин өлкөдө инвесторлордун иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана аларды коргоого өзгөчө көңүл бурулат. Кыргыз Республикасынын Президентинин алгачкы жарлыктарынын бири бизнес чөйрөсү, капиталдын эркин кыймылы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгына, ошондой эле чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынды, анда салыктык жол-жоболорду олуттуу жөнөкөйлөштүрүү, жеринде пландуу текшерүүнүн ордуна аралыктан текшерүүгө өтүү, салыктык талаш-тартыштарды сотко чейин чечүү механизмдери каралган. Ошондой эле салык кызматынын сервистик модели, кичи жана орто бизнести колдоонун бир катар механизмдери киргизилди», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Маалымдама: «Түштүк Экспо-2022» Эл аралык универсалдык көргөзмөсүнүн ишине ата мекендик компаниялар, Беларусь Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын компаниялары, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын алдыңкы компаниялары катышууда.

Связанный пост