Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга сапар менен келип кетүүгө чакырды

 Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга сапар менен келип кетүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров жеке таанышканына кубанычта экенин билдири, Сейед Эбрахим Раисини өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, Кыргызстан менен Ирандын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкка жолтоо болчу эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин белгиледи.

Ал бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.
Ошондой эле, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгына, транзиттик потенциалды пайдаланууга чоң маани берди.

Президент Садыр Жапаров кошумчалагандай, кыргыз тарап Ирандын ШКУга кирүүсүн кубаттайт жана бул ар түрдүү тармактарда биргелешкен кызматташтыкты тереңдетет.

Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси өз кезегинде Кыргызстан менен Иран маданияты, тарыхы жана баалуулуктары жалпы бир тууган өлкөлөр экенин баса белгиледи.

Ал эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн эки өлкөнүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экенин белгиледи. Бул үчүн Иран тарап бардык аракетин жумшайт.

Ирандын Президенти учурда сооданын көлөмү төмөн деңгээлде экенин, ошондуктан тараптар аны олуттуу жогорулатуунун үстүндө иштеши керектигин кошумчалады. Бул контекстте ал Иран менен Кыргызстандын биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровду Тегеранга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Сейед Эбрахим Раисини өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Сапарлардын датасы дипломатиялык каналдар аркылуу такталат.

Связанный пост