Айгүл Наватова «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Буга чейин ал ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалаган.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине, ошондой эле 89-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Бекмурзаев Доскул Жумагулович тергөө мезгилине Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Ибраев Таалайбек Өмүкеевич Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Аталган чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына учуп кетти. Саммиттин аянтчасында Мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында: – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Тавашаров Эркин Казбекович Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Аталган чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык кабыл алынды.Читать далее
Орозов Бактияр Сайпидинович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 13-сентябрда жаңы орун басар жамаатка тааныштырылды. Орозов Бактияр Сайпидинович 1986-жылы туулган. Жогорку юридикалык билими бар жана юридика илимдеринин кандидаты.Читать далее
Президент Садыр Жапаров 13-сентябрда, армян тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, кезексиз сессия армян-азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды. Мамлекет башчысы Кыргызстан ал үчүн эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи. Президент Садыр Жапаров кырдаалды саясий-дипломатиялык жол […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 14-16-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматындагы көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык […]Читать далее
12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Базарбаев менен Россия Федерациясынын Ички иштер министри В.Колокольцевдин жолугушуусу болду. Анын жүрүшүндө миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз-Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралды. Андан ары Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри К.Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат, Кыргыз […]Читать далее
Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет. Атап айтканда, 2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Россияга болгон чет өлкөлүк кызматтык […]Читать далее