Акылбек Жапаров: “ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген мигранттарыбыз үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын иштеп чыгышыбыз керек”

 Акылбек Жапаров: “ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген мигранттарыбыз үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын иштеп чыгышыбыз керек”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Эмгек рыногу боюнча евразиялык диалог» эл аралык форумуна катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине төрагалыгы алкагындагы бул иш-чаранын маанилүүлүгүн жана өз учурунда өтүп жаткандыгын белгиледи.

«Өлкөлөрдүн өкмөттөрү жаңы чакырыктарга дуушар болуп жаткан мезгилде өтүп жаткан мындай иш-чаралар калкты иш менен камсыз кылуу жана жумуш орундарын сактоо жаатындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун табууга мүмкүндүк берет», – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле төмөнкү милдеттерди чечүүгө басым жасоо зарылдыгын билдирди. «Биринчиден, бул эмгек ресурстарына карата муктаждыктардын өзгөрүшүнө ылайык жарандардын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин түзүү аркылуу Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн калкынын иш менен камсыз болушун сактоо. Экинчиден, бүткүл дүйнөлүк мүнөзгө ээ болгон инфляция эмгекчилердин кирешесин жебеши керек. Үчүнчүдөн, учурда интеграциялык бирикменин рыногуна чыгуусу кыйын болгон жогорку технологиялык товарларды жана санариптик продукцияны өндүрүүнү биргелешип жайгаруу зарыл. Бул үчүн жаңы технологияларды ойлоп табууга жана коомдун керектөөсүнө ыңгайлаштыра алган квалификациялуу кызматкерлер керек», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров бул форум пикир алмашуучу, интеграциялык максаттарды ишке ашырууда жетишилген ийгиликтерди өлчөп туруучу жыл сайын өтүүчү аянтча болуп каларына ишенимин билдирди.

«Бул аянтта биздин эмгек мигранттарыбыздын көйгөйлөрүн чече турган инсандар чогулду. Биз алар үчүн биримдиктин өлкөлөрүндө ыңгайлуу иштөө шарттарын иштеп чыгышыбыз керек. Бизге жооптуу миссия жүктөлгөн», – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Белгилей кетсек, форумдун эки күндүк ишинин алкагында ЕАЭБ мамлекеттериндеги эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жумушка орношкон мамлекеттердеги укуктарын социалдык жактан камсыз кылуунун актуалдуу маселелери, эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн иш менен камсыз болгон мамлекетте жүргөн мезгилинде келип чыккан көйгөйлүү маселелери, евразиялык интеграциянын алкагында эмгекке орноштуруунун уюшкан формаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланат.

Иш-чаранын жыйынтыгында эл аралык форум катышуучуларынын сунуштары жана демилгелеринин негизинде иштелип чыккан резолюцияны кабыл алуу пландалууда.

Связанный пост