Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

 Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду, – деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Связанный пост