“Талас” соода-базар комплекси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди

 “Талас” соода-базар комплекси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Талас” соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасы жана жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында кабыл алынган.
Буга катар өткөрүлүп берилген ишкананын мүлктүк комплексин, анын ичинде анын бөлүгүн андан ары ажыратууга тыюу салынган.

Связанный пост