Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү. Жыйында мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда парламенттик фракциялардын ролу маанилүү экени белгиленип, анын ичинен катчылыктардын ишин илгерилетүү маселеси айтылды. Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар эл өкүлү катары калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн чечилишин жана тийиштүү мыйзамдардын аткарылышын толук көзөмөлгө алышы керектигин белгилеп: […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн «Дивали» майрамында сөз сүйлөдү. «Биздин өлкөдө достук мамиледеги Индия өлкөсүнөн келген миңдеген студенттер билим алышат. Бүгүн алар мекенинен алыс жерде Дивали улуттук майрамын белгилөөдө. Биз алардын бул жерде, Кыргыз Республикасында өздөрүн ыңгайлуу сезишин жана биз улуу өлкөнүн маданиятын жана салттарын жогору […]Читать далее
Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 24-октябрда кол койду. Маалымат: Шабданбек Алишев 1980-жылдын 3-октябрында туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес секторлордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген; 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жетектөөчү адиси кызматын аркалап, ошондой […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги чакан маегинде акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди. — Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич! — Жыйырмадан ашык активисттер, саясатчылар камакка алынды. Арасында өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун тарапкерлери бар экен. Алар акыркы убакта “Кемпир Абад” суу сактагычына байланыштуу маселени көтөрүп жүрүшкөнү белгилүү. Кармалгандардын массалык митингдерди […]Читать далее
Акылбек Жапаров стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Куттуктоодо төмөндөгүдөй айтылат: «Урматтуу стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. Быйыл биз буга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Азымбакиев Муратбек Абакировичке Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылдыЧитать далее
Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. “Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы болуп кайрадан шайлангандыгыңыз менен, ошондой эле Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ Бүткүл съездинин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Добуш берүүнүн жыйынтыгы Коммунисттик партия жана Кытай Эл Республикасынын эли Сиз жүргүзүп жаткан […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сон Хюк Санг менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө, Кыргызстандын Корея өкмөтүнөн өнүктүрүү боюнча расмий жардам алуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгенин жана 2022-жылдын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз Республикасы ар дайым көз карандысыз, ырааттуу жана тең салмактуу тышкы саясатты карманып келген жана мындан ары да карманат. Азыркы учурдагы татаал геосаясий кырдаал эл аралык […]Читать далее