Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган. Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы Министрлер Кабинети жана БУУнун ортосунда кол коюлган 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуунун алкактык программасын ишке ашыруунун жүрүшү маселесин талкуулашты. «Биз 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарын жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарын эске алуу […]Читать далее
Брюсселде Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку Өкүлү/Европа Комиссиясынын Вице-Президенти Жозеп Боррель менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле тиешелүү алкактык макулдашууга кол коюуга багытталган эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды. Соода, жашыл экономика, санариптештирүү, миграция, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрда Өзбекстан Республикасына болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин тогузунчу Саммитинин жыйынына катышып, анын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды. Жыйында ТМУнун мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев Уюмдун Башкы катчысы болуп дайындалды. Ошону менен бирге, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн келген мамлекет жана делегация башчылары менен биргеликте көчөттөрдү отургузууга катышты. Бак-дарактарды биргелешип отургузуу Өзбекстанда өлкө Президенти Шавкат Мерзиёевдин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Яшил макон» жалпы улуттук долбоорунун алкагында өттү. Долбоордун максаты республиканын шаарларынын жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн тогузунчу Саммитинин жыйынына катышты. Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров аймактык коопсуздук маселелерин көтөрүп, ТМУ өлкөлөрүн соода мамилелерин кеңейтүүгө чакырып жана Уюмдун Инвестициялык фондун негиздөө боюнча демилгени колдоду. ТМУ мамлекеттеринин башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди ТМУнун Башкы катчысы кылып дайындашты. Мындан […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө Координациялык кеңештин мүчөлөрү үч маселени карады: – Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдерин ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасын коргоонун жыйынтыктары жөнүндө; – Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык […]Читать далее
Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: — Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы; — «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол; — «Түрк мамлекеттер […]Читать далее
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды. Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлеринин Саммитинин тогузунчу жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сөзү: «Урматтуу Шавкат Миромонович, Урматтуу делегация башчылары! Сиздер менен бүгүн эзелтен бери Улуу Жибек жолунун тарыхында Чыгыш менен Батышты байланыштырып келген байыркы Самарканд шаарында кайрадан жүз көрүшүп жатканыма чоң кубанычтамын! Урматтуу Шавкат […]Читать далее