Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. ЖЕЭК жыйынына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылат. Отурум УТРК, республикалык, облустук каналдардын эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз көрсөтүлөт. Жыйын саат 12:00дө башталат. Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү жыйынга […]Читать далее
Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Владимир Путин Бишкек щаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Тараптар Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыда боло турган отурумунун күн тартибин, ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин быйылкы жыйынтыктоочу жыйыны акыркы үч жылда биринчи жолу көзмө-көз өтүп жатканын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуаны кабыл алды. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы азыркы этаптагы кыргыз-кытай сый кошуначылык, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин деңгээлин жогору баалап, соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүнү, атап айтканда, түрдүү тармактарда […]Читать далее
Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко келди. «Манас» Эл аралык аэропортунан Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды. Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Бишкек щаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.Читать далее
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учкун айылында кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелери берилди. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев катышты. Ош облусунун башчысы кызыл китептерди тапшырып жатып, жергиликтүү тургундарды коопсуз аймака көчүп иштеринде көмөк көрсөтүлүп жатканын билдирди. “Мындай бир нече ай мурун Учкун […]Читать далее
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн «Индия — Борбор Азия» форматындагы улуттук коопсуздук кеңешчилери — коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты. Марат Иманкулов өз сөзүндө белгилегендей, иш-чаранын форматы кандайдыр бир мамлекеттер тобун обочолонтуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө кызыкчылыгында кеңири аймактык кызматташтыктын уландысы болуп саналат. Ал Борбордук Азия жана Индия мамлекеттеринин ортосунда […]Читать далее
Евразия мейкиндигинин чегинде биргелешкен инвестициялык аянтчалардын жана тике инвестициялык фонддор тутумун бириктирүүчү түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек инвестициялык саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө инвестициялардын маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, акыркы беш жылда жаңы инвестициялык долбоорлордо кичи жана орто бизнестин үлүшү 5,7%дан […]Читать далее
Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа иш сапары менен Кыргызстанга келди. Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү пландалууда.Читать далее
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазовду Башкы прокуратура кандай негизде суракка чакырганын иликтей турган жумушчу топ түздү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 8-декабрдагы жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтуусуна караганда, жумушчу топко бир жумалык мөөнөт берилди, ал аралыкта тиешелүү иштер аткарылып, корутундусу президентке жөнөтүлөт. “Депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовго […]Читать далее