Садыр Жапаров КЭР Мамлекеттик кеңешинин вице-премьерин кабыл алды

 Садыр Жапаров КЭР Мамлекеттик кеңешинин вице-премьерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуаны кабыл алды.

Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы азыркы этаптагы кыргыз-кытай сый кошуначылык, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин деңгээлин жогору баалап, соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүнү, атап айтканда, түрдүү тармактарда биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров ийгиликтүү кызматташуунун мисалы катары үч тарап ишке ашырууга киришип баштаган — «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу ири транспорттук долбоорун атады.

Ал белгилегендей, бул долбоор бүтүндөй аймактын экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис оң таасирин тийгизет жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак — бир жол» демилгесин ишке ашыруудагы маанилүү звено болуп калат.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелердин бардык жүрүп жаткан жана келечектүү багыттары боюнча биргелешкен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди жана КЭР Төрагасы Си Циньпиндин жылуу саламын айтты.

Ху Чуньхуа Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин эки жолу жолугушуу өткөргөнүн, анда кыргыз-кытай кызматташтыгын ар кыл тармактарда бекемдөө боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилгенин эске салды.

Ал «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кытайлык адистердин тобу талаа иштерин бүтүргөнүн жана жакынкы арада техникалык-экономикалык негиздеме кыргыз жана өзбек тарапка экспертизага берилээрин билдирди.

Ошондой эле Ху Чуньхуа өз ара байланыш жаатындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, үч тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан „темир жол долбоорун активдүү илгерилетип, ошону менен өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз сооданы камсыздайт деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери эл аралык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендигин белгилеп, Кытай тарап Борбордук Азия менен диалогдун потенциалын, өзгөчө транспорт, соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө ачууга даяр экенин билдирди.

Связанный пост