КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышты. Медиа форумда медиа тармагынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, форумда аймактык жана глобалдык кооперациянын мүмкүнчүлүктөрү, аймактык бир тектүүлүктү издөө процессиндеги акыркы тренддер жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, жаңы медианын өнүгүүсү, жасалма интеллект технологиясын колдонуу, Борбор Азияда креативдүү индустриянын […]Читать далее
Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Россия менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Мамлекеттер аралык байланышыбыз өз ара […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аймактарга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Токтогул гидроэлектр станциясынын жалпы абалы жана иши менен таанышты. Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. «Учурда Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты орнотулуп, ал бир нече убакыттан бери тесттик […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясына катышты, анда ведомствонун 2022-жылда аткарылган ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга карата милдеттери каралды. Аткарылган иштер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле интернет кызматтары жана байланыш рыногунун катышуучулары болуп саналган чарбакер субъекттердин жетекчилери маалымат беришти. Баяндамалардын акырында Бакыт Төрөбаев санариптик технологиялардын, өзүнүн (улуттук) […]Читать далее
Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздер эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы коркунучтардан коргоо үчүн тыным албай кызмат өтөп келе […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты. Атап айтканда, ал Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка шаарындагы от казанынын иши менен таанышты. Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Кант жана Токмок шаарларында жаңыдан курулган заманбап от казандар менен таанышты. Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Модернизацияланган Майлуу-Суу лампа заводу жогорку сапаттагы продукция өндүрүүсү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды. Белгилей кетсек, заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 млн сом өлчөмүндөгү биринчи транш бөлүнгөн. Министрлер Кабинетинин башчысы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Экономика жогорку мектеби» Улуттук изилдөө университетинин ректору Никита Анисимовду кабыл алды. Жолугушууда билим берүү, академиялык жана илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташтык, атап айтканда, билим берүү системаларынын интеграциясы жана өз ара аракеттенүүсү, экономика жана финансы тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу маселеси, Кыргыз Республикасында Университеттин филиалын ачуу келечеги талкууланды.Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругуна ылайык, Раматов Мурат Садинович жана Насирдинов Самат Насирдинович айыл чарба министринин орун басарлары болуп дайындалышты. Буга катар Жоробеков Тариэл Улукбекович Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору болуп дайындалды. Министрлер […]Читать далее
Тариэль Жаныбеков “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 12-декабрдагы буйругуна ылайык, Кадырбек Нурмамбетов “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тариэль Жаныбеков дайындалды. Белгилей кетсек, Кадырбек Нурмамбетов өз каалоосу менен арыз жазган.Читать далее