Кыргыстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу азем Анкарадагы президенттик сарайда өттү. “Түркиянын президентине ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин эки тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө элчи Казакбаев президент Эрдоганга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан келе жаткан жаңы жылга карата саламын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Жыйында Министрлер Кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле Министрлер Кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат. Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат. Министрлер […]Читать далее
Бүгүн, 28-декабрда, Президент Садыр Жапаров Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун 26-27-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумушчу сапары аяктады. Мамлекет башчысы жыл сайын салттуу түрдө Россия тараптын демилгеси менен өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн башка башчылары Орус музейине барышып, россиялык белгилүү искусство чеберлеринин эмгектери менен таанышты, мындан […]Читать далее
Бүгүн, 27-декабрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Жолугушууда уюмдун алкагында бир тууган өлкөлөр ортосундагы маданий алаканы арттыруу маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев алгач Султан Раевди ТҮРКСОЙго Башкы катчы болуп шайланышы менен куттуктап: “Сиздин бай тажрыйбаңыз жана түрк дүйнөсүндөгү кадыр-баркыңыз боордош мамлекеттердин маданий […]Читать далее
2022-жылдын 23-декабрынан 27-декабрына чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы Орус улуттук көркөм өнөр музейинде болду. Шериктештиктин бейформал саммитине катышуу үчүн орус тараптын чакыруусу менен келген КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилерин музейде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды. Мамлекет башчылары Карл Брюллов, Иван Айвазовский, Федор Бруни жана академиялык мектептин […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Бирге ден соолук» коомдук фондунун алдындагы «Нур+» реабилитациялык борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады. Салтанаттуу иш-чарада УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарды келе жаткан жаңы-жылы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук бөлүштүрүүсүнө катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы – Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысынын атынан катышуучуларды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубат турмуш жана иштериндеги ийгиликти каалады. «Бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн максаты – Жаңы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы токтому менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-155), аны толтуруу жана берүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле кирешелердин, чыгымдардын, мүлктөрдүн жана милдеттенмелердин классификатору, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө […]Читать далее