Эл аралык уюмдардын жетекчилери Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты

 Эл аралык уюмдардын жетекчилери Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты

Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты.

«Нооруз маданий көп түрдүүлүктү сактоодо жана элдердин жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Кубануу менен белгилей кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин активдүү катышуусу менен Эл аралык Нооруз күнү жөнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясынын кабыл алынышы – бул майрамдын маанисин глобалдык деңгээлде таануусун айгинелейт», – деп Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Чжан Миндин куттуктоосунда айтылат.

“Эзелтеден жаздын жана жаратылыштын жанданышынын жарчысы, тынчтыктын жана берекенин символу болуп келген, биримдиктин жана ынтымактын духун бекемдеген Нооруз майрамы менен Сизди чын дилимден куттуктайм”, – деп Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин куттуктоосунда айтылат.

«Биз Кыргыз Республикасынын регионалдык коопсуздукту чыңдоодогу олуттуу ролун жана Сиздин евразиялык мейкиндикте туруктуулукту камсыз кылуунун натыйжалуу куралы катары биздин Уюмдун алдыга багытталган өнүгүшүнө кошкон зор салымыңызды жогору баалайбыз», – деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун  куттуктоосунда айтылат.

Связанный пост