Өкмөт япон ишкерлери менен тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкуулады

 Өкмөт япон ишкерлери менен тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тоо-кен тармагындагы дүйнөлүк долбоорлордун жетекчиси, унаалар үчүн призмалык литий-иондук аккумуляторлорду чыгарууга адистешкен “Prime Planet Energy & Solutions” компаниясынын кеңешчиси, Япония мамлекетинин Накаба Чимура башында турган делегациясы менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, өзгөчө тоо-кен тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Мындан улам Акылбек Жапаров И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында тоо-кен тармагын изилдөө боюнча кыргыз-жапон факультетин ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Накаба Чимура тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул багытта Кыргыз Республикасынын чоң потенциалын белгиледи.

Связанный пост