Ташкентте КР ТИМ башчысы менен Өзбекстандын президентинин жолугушуусу өттү 21/12/23 23:43 САЯСАТ0 Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Ташкентте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Мирзиёев Кулубаевди Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алган. Сүйлөшүүнүн башында министр […]Читать далее
Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымын макулдашышты
2023-жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин, топографиялык жумушчу топтордун, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты. Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында […]Читать далее
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык-укуктук жумушчу
2023-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун ортосунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер, 2023-жылга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу […]Читать далее
Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты. Тараптар […]Читать далее
2023-жылдын 1-декабрында Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң […]Читать далее
2023-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.Читать далее
Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында […]Читать далее
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер […]Читать далее
Бүгүн, 3-ноябрда, Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги онунчу жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө болгон – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: 1. ТМУнун онунчу Саммитинин декларациясы; 2. Астана актысы; 3. «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан Режеп Тайып Эрдоганды жана боордош түрк элин Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы […]Читать далее