КР ТИМ башчысы Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолугушту

 КР ТИМ башчысы Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргыз-Европалык мамилелерди чыңдоо максатын көздөгөн жолугушуу бүгүн, 16-январда өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа Бирлиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Министр эӊ жогорку жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар өз ара кызыкчылыкты эске алган кызматташуунун бардык спектрин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөтэкенин белгиледи. Аймактык кызматташуу, экономиканы өнүктүрүү, КР-ЕБ транспорттук өз ара байланышы, демократиялык процесстер жана адам укуктары маселелерине кеңири токтолду.

Министр Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында БУУнун климат боюнча конференциясында (СОР-28) үндүү кылынган «тоолор жана климат» демилгесинин алкагында биргелешип иштөөгө чакырды.

Ошондой эле тараптар, Кыргыз Республикасынын делегациясынын 2024-жылдын 29-30-январында Брюссель шаарында өтө турган Global Gateway Инвесторлор форумуна катышуу маселесин талкуулашты. Аталган форумдун алкагында транспорт тармагындагы келечектеги долбоорлор сунушталат.

Өз кезегинде Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас аймактагы жана Кыргыз Республикасындагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Ал ЕБ менен КР ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн салттуу түрдө жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргызстан менен кызматташтыкта, анын ичинде көп жылдык индикативдикпрограмма жана башка инструменттер аркылуу,ЕБтин экономикалык потенциалын активдүү пайдаланууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар гидроэнергетика, санариптештирүү, суу ресурстары жана «жашыл»экономика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын жана келечеги боюнча пикир алмашышты.

Связанный пост