Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын январь айында Министр Хакан Фидандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жана үстүбүздөгү жылдын февраль айында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. […]Читать далее
Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу ушул күндөрү Түркияда өтүп жаткан III Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2024-жылдын 21-февралында Казань шаарында КР президенти Садыр Жапаров менен РФ президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы […]Читать далее
Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сенегалдын тышкы иштер министри Исмаил Мадиор Фалл мырза менен жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Түркиядагы III Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле Кыргызстандын талапкерлигин БУУнун Коопсуздук rеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө колдоо контекстинде эл […]Читать далее
Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев III Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-малайзия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун мындан аркы жолдорун талкуулашты. Министр Жээнбек Кулубаев […]Читать далее
Бүгүн, 1-мартта III Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча орун басары шейх Абдулла бин Ахмед Аль Халифа менен кыскача жолугушуу өткөрдү. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин ар түрдүү чөйрөлөрдөгү учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, бийик жана жогорку […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья менен жолугушту. Кыргызстандын тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 1-мартта Түркияда өтүп жаткан Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү. Кыскача баарлашуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыдагы бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында, Кашгар шаарында ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту. Жолугушууда Минкаб башчысы Кыргызстан-Кытай кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелери боюнча “сааттарды синхрондоштурууга” мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ар бир маселе […]Читать далее
29-февралда Кыргызстанга Ага Хан фондунун экономикалык өнүктүрүү боюнча аткаруу комитетинин башчысы жана Ага Хан уюмунун өнүктүрүү боюнча бюджетин кароо комитетинин теңтөрагасы ханзаада Рахим Ага Хан келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны “Манас” аэропортунан КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев тосуп алды. Тараптар кыска […]Читать далее
КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кашгар шаарына (КЭР СУАР) келди. Жумушчу сапардын алкагында минкаб башчысы Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь уйгур автоном районунун (КЭР) өкмөттөрүнүн үч тараптуу жолугушуусуна катышат. Мындан тышкары, минкаб башчысы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктуна, Кашкар эркин экономикалык аймагына, Кашгардагы Нарын эркин экономикалык аймагынын кампасына, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик […]Читать далее
2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Э.Осоевдун Япониянын тышкы иштер министринин орун басары-мамлекеттик министри Киото Тцужи жана Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Ёширо Фукузава менен расмий жолугушууларды өткөрдү. Кеңири баарлашуунун жана пикир алмашуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, парламенттер аралык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча жигердүү аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Элчи Э.Осоев […]Читать далее