АКШнын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

 АКШнын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Жозеф Р. Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу Президент мырза! Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине Нооруз майрамын белгилеген маалда эң жакшы каалоолорумду жолдойм.

Ушул жыл мезгилинде адам ойго батып, жаңылануу келип турган учурда Америка Кошмо Штаттары бул майрамды жана жаздын кирип келишин кыргыз эли менен бирге тосуп алганга кубанычта. Келе жаткан жылда мен сиздердин өлкөдө жана бүткүл чөлкөмдө бейпилдикти жана гүлдөп-өсүүнү мындан ары да алдыга жылдыруу үчүн биздин кызматташтыгыбызды жана өз ара иш-аракеттерибизди тереңдетүүнүн жаңы жолдорун табууну көздөйм. Нооруз майрамыңыз кут болсун!” – деп айтылат АКШнын Президенти Жозеф Р. Байдендин куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост