ТИМ: Кыргызстан БУУ Коопсуздук кеңешинин Газадагы ок атышууну токтотуу жөнүндө резолюциясын кубаттайт

 ТИМ: Кыргызстан БУУ Коопсуздук кеңешинин Газадагы ок атышууну токтотуу жөнүндө резолюциясын кубаттайт

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу жөнүндө 2024-жылдын 25-мартында кабыл алынган резолюциясын кубаттайт жана бул чечим жакын арада ишке ашырылышына ишеним артат.

 

КР ТИМден билдиришкендей, Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин күч-аракеттерин бириктирүүнү, согуш аракеттерин мүмкүн болушунча тез арада толук токтотууну жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти жөнгө салууну, саясий диалогду баштоону жана Палестина-Израиль чыр-чатагын “эки эл үчүн эки мамлекет” принцибинин негизинде БУУнун резолюцияларына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактайт.

Связанный пост