Сауд Арабиянын Падышасы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Сауд Арабиянын Падышасы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Сауд Арабия Падышалыгынын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Нооруз майрамына карата, Улуу урматтуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоо сөздөрүн жана чын ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо катында.

Сауд Арабиянын Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да куттуктоо жолдоду.

Связанный пост