Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын аларга берилген кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө мамлекет […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын бир катар аймактарында катуу жааган жаандан улам катталган селдин кесепеттеринен жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдири. Белгилей кетсек, акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, “Франция-Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ жетектеген Франция Республикасынын Сенатынын делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болду. Француз сенаторлору менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы Кыргызстан Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 14-мартында кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана “Банктар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бишкектин четинде жайгашкан жаңы футболдук стадиондун курулушу эки жылда аяктай тургандыгын билдирди. Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анда Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталгандыгын эске салды. “Борбор Азиядагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион. Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Борбордук Азияга болгон сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри, лорд Дэвид Кэмеронду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы перспективалар тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле тараптар билим берүү жана […]Читать далее
КР аймагында Азербайджан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайджан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайджан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 17-апрелинде кабыл алынган. Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын аймагында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Бишкектин четинде жайгашкан жаңы футболдук стадиондун курулушунун жүрүшү менен пландан тышкары таанышты. Мамлекет башчысына ал жерде 45 миң орундуу футболдук стадиондун долбоорун көрсөтүштү, ошондой эле аталган объекттин башкаларга салыштырмалуу уникалдуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндалды. Архитекторлордун айтымында, архитектуралык стиль жана түс гаммасы Бишкектин жана кыргыз элинин мүнөзүнө жана маданиятына туура […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка аны реконструкциялоодон кийин барды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаарлыктар, айрыкча улуу муун, жаңыланып жана жакшы жагына өзгөрүп бара жаткан Бишкектеги өзгөрүүлөрдү кубануу менен кабыл алып жатышканын белгиледи. Бул көбүнесе алар «жашыл шаар» деп аталган калаада жаштыгын өткөрүшкөнүнө байланыштуу. Муну менен бирге, Президент белгилегендей, […]Читать далее