Садыр Жапаров селден жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды

 Садыр Жапаров селден жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын бир катар аймактарында катуу жааган жаандан улам катталган селдин кесепеттеринен жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдири.

 

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп кетүүдө.

 

“Селдин кесепетинен турак-жайлар, короо жайларга зыян келтирилген учурлар бар, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес.

 

Башкача айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жоюуга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү.

 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт”, – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, катуу жааган жаандан улам өлкөнүн бир нече аймактарынде сел жүрүп, мындан улам Ош облусунда жана Талас районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

 

Учурда жеринде тиешелүү орган кызматкерлери иш алып барууда. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Связанный пост