Садыр Жапаров Улуу Британиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Борбордук Азияга болгон сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри, лорд Дэвид Кэмеронду кабыл алды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы перспективалар тууралуу пикир алмашуу болду.

 

Ошондой эле тараптар билим берүү жана сезондук эмгек миграциясы маселелери боюнча эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темаларды талкуулашты.

 

Тышкы саясат мекемесинин башчысы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаров Улуу Британия өлкөнүн тышкы саясатында батыш багытында маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи.

 

Өз кезегинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ар кандай тармактарда кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чоң потенциалды айтып өттү.

 

Аягында Президент Садыр Жапаров Дэвид Кэмерондун Кыргызстанга болгон расмий сапары Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы көп тармактуу кызматташууга жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Связанный пост