Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгамды ишеним грамоталарын тапшырганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы элчини миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров боордош Пакистан элин ыйык Рамазан айы менен да куттуктады. Ошону менен бирге 21-мартта Пакистанда болгон катуу жер […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Ошондой эле Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты. 1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Президент Садыр Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин […]Читать далее
“Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Азыркы учурда өлкөдө энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууга өтүү маселеси курч турат. Казылып алынуучу отундун түрлөрү (көмүр, мунай, жаратылыш газы) күйүү учурунда атмосферага парниктик таасирдин өсүшүнө жана глобалдык ысып кетүүгө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кайрылуусу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: “Урматтуу мекендештер! Бүгүн өлкөбүздүн соңку тарыхындагы орчундуу окуя – Март элдик революциясына 18 жылдын жүзү болду. Кыргыз эли көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин эркиндикке умтулуусун дүйнө жүзүнө бир нече ирет көрсөткөн, ал эми март революциясында бийликтин жалгыз булагы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман агайындар! Ыйык Орозо айынын кириши менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктаймын! Орозо айы – таң заардан күн батканга чейин оозду бек кармап, наар алуудан тыйылуу гана эмес, барга шүгүр, азга каниет кылып, өзүн-өзү тарбиялоо мезгили, берешендик, кайрымдуулук, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатта куттуктоо сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи: “Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Кыргыз эли – тээ байыртан бери эле табият менен эриш-аркак жашап, Ата Конушунун ар бир ташы менен мөлтүр булагына аяр мамиле кылып келген улуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди жаратылыш жанданып, мезгил ырааты алмашып, жаңылануунун жана жаңы жашоого умтулуунун белгиси болгон Нооруз элдик майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Кылымдарды карытып, ар жылы көктөмдүн келишин утурлай майрамдалып келаткан Нооруз майрамын белгилөө салты кыргыз элинин дүйнө таанымынын кеңдигин, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Тарых – бул өткөн доор менен болочокту байланыштырган көпүрө. Аксы окуясы дагы Кыргызстандын соңку тарыхында мамлекеттин келечегине таасирин тийгизген алгачкы саясий окуялардан. Өлкөнү башкаруу кризиске кептелип баратканын эскерткен коңгуроо болгон. Ал Кыргызстан тарыхынын саясий өнүгүүсүндө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду. Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун […]Читать далее