Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, Чолпон-Ата шаарында анын тапшырмасы менен курулган жаңы паркты ачты. Эс алуу жана сейилдөө үчүн жерди уюштурууну Мамлекет башчысы демилгелеп, бул максатта № 2 Мамлекеттик резиденциясынын аймагын бөлүп берген. Парктын жалпы аянты 16 гектарды түзөт, анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Парк Чолпон-Ата шаарынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (26-май 2023-жылы № 109). Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 3-майында кабыл алынган. Аталган Мыйзамда тараптардын Макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Акыркы бир нече аптадан бери коомчулукта Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин өлкөгө келиши жана журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги кызуу талкуу жаратты. Мурдагы президенттердин айланасындагы акыркы окуялар кезектеги талкууга жем таштады. Көпчүлүк эл сын-пикир айтып, өлкөбүздүн бүгүнкүдөй абалга кептелишине дал ушул адамдар күнөөлүү десе, аларды жактагандар да жок эмес. Бул окуяларга байланыштуу “Кабар” […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркия Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. “Түркия Республикасынын Президентинин кызматына шайланууңузга карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Түркиянын эли дагы бир жолу Сизге ыйык ишенимин билдирди. Бул жеңиш Сиздин Түркиянын жана анын элинин жыргалчылыгы үчүн жылдар бою ишенимдүү жана кайраттуу кызматыңыз менен аныкталган эң жогорку […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Евразия экономикалык бирлигинин күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери 29-майды жыл сайын белгиленүүчү Евразия экономикалык бирлигинин күнү деп аныкташкан. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Бүгүн, 29-майда Евразия экономикалык бирлигинин күнү алгачкы ирет белгиленүүдө. Евразия экономикалык бирлиги эл аралык укук субъектүүлүгүнө ээ болгон регионалдык экономикалык интеграциянын эл аралык уюму болуп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар! Куралдуу күчтөрдүн кадырлуу ардагерлери! Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Бизди, жалпы мекендештерибизди бириктирип турган бир максат – күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган! Сизди Президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берди. Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерди Ата Мекенибиздин чек арачыларынын кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады. Бүгүн, 27-майда, 16 команданын ичинен чейрек финалга чыгуу үчүн группалар арасындагы оюндар өттү. Группалык этаптын жыйынтыгы боюнча чейрек финалга төмөнкү командалар чыгышты: «Президенттин командасы» – «Спорт Жылдыздары»; «Коопсуздук» – «Ыйман»; «Спорттук Федерациялар» – «Достук»; «Өнөр» – «Ден-Соолук». Эртең, 28-майда […]Читать далее