Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “№ 99 Кесиптик лицейи мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер дүйнө жүзү боюнча ар кандай товарларды жана кызматтарды өндүрүү менен алектенген компанияларда абдан популярдуу. Ошондуктан башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында IT-адистерди сапаттуу даярдоого көңүл буруу керек. IT-багыттар боюнча башталгыч […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Акылман” Президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын милдеттери педагогикалык кесипти кеңири жайылтуу, мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин жана мыкты тарбиячыларынын алдыңкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат. Билим […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. “Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз жана талыкпас эмгегиңиздин негизинде Кытай Эл Республикасы гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алууда. Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Кыргызстан […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду. Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу иш-чарасына катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына арналган кыска метраждуу тасманы көрсөтүү менен башталды. Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Түркиядагы жер титирөөнүн очогунда адам өмүрлөрүн ажалдан арачалап калган кайраты күч, эрки бекем куткаруучуларга каармандыгы менен эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө бир […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде кыргызстандыктарды өлкөнүн жаратылышын сактоого жана тартипке чакырды. Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу айтып жатып, Мамлекет башчысы быйыл өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдү 4 ай ичинде 96 миң метрге жакын браконьердик торлордон жана 6 тоннага жакын таштандыдан тазалаганын баса белгиледи. Бул иш дагы деле уланып […]Читать далее
Президент: Куткаруучуларыбыз ар кандай кырдаалдарда адам өмүрлөрүн сактап калууда күнү-түнү
“Сиздерге ар кандай кырдаалдарда адам өмүрлөрүн сактап калууда, болушу мүмкүн делген табигый кырсыктардын алдын алууда күнү-түнү даяр, деп элибиз чоң ишеним артат!” – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде белгиледи Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Кадырман калайык калк! Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары! Кымбаттуу куткаруучулар! Бүгүн биз адамзаттын […]Читать далее
Бүгүн, 13-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Биринчи маселени талкуулоонун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун карашты. Атап айтканда, документте Куралдуу Күчтөрдү андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары Куралдуу […]Читать далее
Президент: Аскер кызматкерлери, чиновниктер, укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлери
“Аскер кызматкери болобу же чиновник болобу, же укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлери болобу биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган болсо эң катаал жазага тартылат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү! Көптөгөн […]Читать далее