Президент: Биздин максат – XXI жана XXII кылымдардын чакырыктарына жооп берген, жогорку квалификациялуу кадрларды тарбиялап, даярдоо

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик лицейде өткөн “Акылман – билим дүйнөсүндө” аттуу иш-чарага катышты.

 

Лицейге келгенден кийин Мамлекет башчысы мектеп окуучуларынын жол бойлото коюлган сүрөттөрү менен таанышып, алар жасаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө барды. Экскурсиянын жүрүшүндө Президентке англис тили бурчу, “Керемет Көч” мультфильминин үн коштоо процесси көрсөтүлдү, ошондой эле “Акылман” лицейинин келечектеги өнүгүүсү жөнүндө макеттери бар чакан презентация жасалды.

Садыр Жапаров педагогикалык жамааттын, лицейдин окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин алдында сөз сүйлөп, “Акылман” лицейи Кыргызстандын билим берүү системасына инновацияларды киргизүү менен бул чөйрөдөгү абдан чоң максаттарды көздөп ачылганын айтып, окуучулардын жетишкендиктери менен канааттанганын билдирди.

 

Президент Кыргызстан дүйнөлүк агымдан артта калбай, улуттук өзгөчөлүгүбүзгө тууралоо менен билим берүүнүн жаңы жолдорун өздөштүрүп, өзүбүзгө адаптация кылып, табигый-илимий, математикалык-техникалык, инновациялык билим берүү чөйрөсүнө өзгөчө көңүл буруу менен өнүгүү жолунда баратканын айтты. Бул багытта “Акылман” лицейинин ачылышы маанилүү кадам болуп саналат.

 

Өткөн жылы бул лицейге жалпы республика боюнча эң мыкты, эң зээндүү делген 72 окуучу тандалып алынган. Анын максаты – бул балдарды эл аралык тажрыйбадан өткөн жаңы окуу программаларынын негизинде окутуу менен аты дүйнө жүзүнө белгилүү Гарвард, Оксфорд, Стэнфорд, Сорбонна сындуу окуу жайларына багыттоо. Лицейдин эмгек жамааты да өтө дыкаттык менен тандалып алынганын Садыр Жапаров баса белгилеп, айта кетти. Аларга окуучулардын интеллектуалдык жөндөмүн жогорулатуу менен бирге, руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарын арттыруу, ата салты жана баба наркына ылайык таалим-тарбия берүү милдети жүктөлгөн.

 

Президент лицейдин окуучулары жыл айланбай республикалык, эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги олимпиадаларда математика жана робототехника боюнча мелдештерде эң жакшы жетишкендиктерди көрсөткөнүнө сыймыктанарын айтты.

 

Ал лицейдин бүтүрүүчүлөрү мындан ары да көңүл сыртында калбаарын – бул мектептин жогорку окуу жайларында окуусун ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик кызматка кирүүгө артыкчылыктуу укук алышы үчүн мамлекет бардык шарттарды түзөрүн, анткени “Акылманга” Кыргызстандын эң таланттуу, билимдүү жана акылдуу окуучулары тандалып алынаарын белгилеп өттү.

 

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө айрым министрлердин арасында тааныштарды дайындоо, пара алуу сыяктуу эскирген практикалар уланып, мамлекеттин натыйжалуулугуна жана өнүгүүсүнө коркунуч туудурарын белгиледи. Мамлекет башчысы учурдагы кырдаал үчүн жоопкерчилик азыркы саясатчыларга гана эмес, өлкө эгемендүүлүк алгандан берки мурдагы жетекчилерге да жүктөлөрүн баса белгиледи. Тандоо ыкмаларынын жана квалификациялык стандарттардын жоктугу коррупциянын топтолушуна жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде компетентсиз кадрлардын басымдуулук кылышына алып келген.

 

Буга байланыштуу Садыр Жапаров “Акылман” лицейинин ишин камсыз кылган мыйзам иштеп чыгуу боюнча жумуш башталганын жарыялады. Лицейдин максаты – XXI жана XXII кылымдардын чакырыктарына жооп берген, жогорку квалификациялуу кадрларды тарбиялап, даярдоо. Президент лицейдин бүтүрүүчүлөрүнөн өлкөнүн келечектеги лидерлери чыгат деген ишенимин билдирди.

 

“Акылман” лицейи жылына 70ке жакын таланттуу жана билимдүү окуучуларды кабыл алат. Окууну аяктагандан кийин, бүтүрүүчүлөргө мамлекет тарабынан жумушка орношууга кепилдик берилет, эч кандай байланыш же пара талап кылынбайт. Президент бул тармактагы коррупцияны иликтеп, жазалоону убада кылып, тандоо процессин катуу көзөмөлгө алууга чакырды.

 

Мындан тышкары, Садыр Жапаров лицейдин бүтүрүүчүлөрү болбогон квалификациялуу адистерди колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, келечекте кадрлар резервин жаңыртуу үчүн мамлекеттик кызматка азыртадан эле тартууга чакырды.

 

Президент Кыргызстандын келечегин 5-10 жылга гана эмес, 50-100 жылга да алдыга ойлонуу керектигин баса белгиледи. Ал “Акылман” лицейинин саясатын улантуу зарылчылыгына жана өлкөнүн болочок президенттеринин бул демилгени колдоого милдеттүү боло тургандыгына ишенерин билдирди.

 

Учурдан пайдаланып, Президент өз сөзүндө Кыргызстандагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүн “Акыркы коңгуроо” майрамы менен куттуктап, бул күн ар биринин эсинде жашоонун маанилүү баскычы катары кала берерине ишеним билдирди. Ал бүтүрүүчүлөрдү өз жөндөмдүүлүктөрүн жана каалоолорун эске алуу менен кесип тандоо жөнүндө жакшылап ойлонууга үндөп, алардын ар бирине максаттарына жетүү жолунда көп ийгиликтерди каалады.

 

Мамлекет башчысы “Акылман” лицейинин 2-3 жылдан кийинки бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, убакытты текке кетирбей, күнүгө жаңы билим алууга, өнөр үйрөнүүгө, тил билүүгө, спорт менен машыгууга чакырды. Садыр Жапаров тез өнүгүп, ыкчам өзгөрүп аткан технология менен илимден артта калбай, билимдерди жаңыртып, толуктап, өстүрүп турууга аракет жасагыла: Эч качан „Мен билбейм, колумдан келбейт” дебегиле, “Мен муну үйрөнөм, өздөштүрүп кетем“ деп, ар нерсеге дилгир болгула, деген кеңешин берди.

 

Мамлекет башчысы окуучуларды, мугалимдер жамаатын, ата-энелерди окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, каникулду ары пайдалуу, ары кызыктуу өткөрүп, күч-кубат топтоп, кайра мектепке келишин каалап өттү.

 

Иш-чара концерттик программа менен уланып, окуучулар видеоролик, андан кийин өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү: комузда ойноп, “Гүлдөр бийин”, балдар бийин, уйгур жана калмак бийлерин, “Айтматовдун балалыгы” жана “Эне жана коломто” сценкаларын аткарышып, ошондой эле “Жаш таланттар” жана “Акылман” лицейинин гимндерин хор менен ырдап беришти.

 

Андан кийин Президент Садыр Жапаров лицейдин директоруна мектептин муктаждыктары үчүн жеңил унаанын жана кичи автобустун ачкычын тапшырды, ошондой эле билим берүү мекемесинин мугалимдери жана окуучулардын ата-энелери менен баарлашып, жай мезгилинде балдарды жаңы окуу жылына даярдоодо аларга кылдаттык менен көңүл бурууну өтүндү. Андан соң Мамлекет башчысы билим уясынын кызматкерлери менен баарлашып, мектеп ашканасында лицейдин окуучулары менен чогуу тамактангандан кийин “Акылман” Президенттик лицейинин Камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынына катышты.

Связанный пост