Садыр Жапаров «Мурас» салттуу мелдешине катышууда

Бишкекте 25-майда башталган футбол боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.

Бүгүн, 26-майда, «Президенттин командасы» курамы 1/4 финалда «Билим» командасын утуп алды.

Эске сала кетсек, Мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен турган Президенттин командасынын курамында ойнойт.

Бишкекте 25-26-майда салтка айланган «Мурас» достук мелдеши өтүүдө, ага ар кыл тармактардан топтолгон 16 команда катышып жатат.

Связанный пост