Президент Чолпон-Атада Балдардын республикалык реабилитациялык борборун ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Ысык-Көл облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарында “Ибн Сина” атындагы Балдардын республикалык реабилитациялык борборун ачты.

 

Реабилитациялык борбордун жаңы имараты 100 орунга ылайыкталган. Учурда мекемеде 57 адам эмгектенет, анын ичинде: дарыгерлер, медайымдар, көмөкчү медайымдар, мугалимдер, тарбиячылар жана администрация бар.

 

Чогулгандарды борбордун ачылышы менен куттуктап, Мамлекет башчысы тармактык министрлик менен биргеликте элдин саламаттыгына, анын ичинде балдардын ден соолугуна кам көрүү жаатында бир топ иш-аракеттер болуп келгенин белгиледи.

 

Садыр Жапаров бул медициналык мекеме 1937-жылдан бери өпкөнүн бронх оорулары жана кургак учуктун жеңил түрү менен жабыркаган балдар үчүн санатория катары иштеп келгенин айтты. Республикалык балдар санаториясы 2005-жылдан тарта “Ибн Сина” атындагы Балдардын республикалык реабилитациялык борбору болуп кайра түзүлгөн. Борбор 100 орунга ылайыкташып, 4 жаштан 16 жашка чейинки балдарды кабыл алып, жыл бою иштейт. Бул жерде кургак учуктун жугуштуу эмес формасы жана өнөкөт өпкө оорусу менен жабыркаган балдар дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.

 

Мындан башка Президент кургак учукту дарылоо жана реабилитациялоо 3 айдан 12 айга чейин убакытты талап кылгандыктан, борбордо орто билим берүүчү мектеп иштеп, анда 7 мугалим балдарга негизги предметтер боюнча билим берип келгенин айтты. Бул балдардын окуусун үзгүлтүккө учуратпай улантуусуна, интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө жана тышкы дүйнө менен байланышта болуусуна мүмкүндүк берет. Билим берүү жана социалдаштыруу – балдардын ооруларына карабастан, өздөрүн коомдун бир бөлүгү катары сезүүсүнө жардам берүүчү маанилүү аспектилер экени белгилүү.

 

Садыр Жапаров балдардын ушундай реабилитациялык борбору бар экенин билип, Президенттик фонддон каражат бөлүп, 100 орунга ылайыкталган жаңы имарат куруу тапшырмасын берген. Кургак учукка чалдыгуунун көрсөткүчтөрүн кыскартуу боюнча жетишилген ийгиликтерге карабастан, өлкөдө кургак учук боюнча абал дагы эле кооптуу.

Кыргызстан кургак учукка чалдыккандардын саны жогору болгон дүйнөдөгү 18 өлкөнүн катарына кирет. Буга байланыштуу мындай абалдан чыгуу максатында өлкөдө кургак учукка каршы заманбап дары-дармек, препараттарды колдонуу менен кургак учукту дарылоонун натыйжалуу режимдери киргизилген.

 

Мамлекет башчысы статистикалык маалыматтар боюнча акыркы 10 жылдын ичинде кургак учукка чалдыккандардын саны стабилдүү түрдө азайганын айтты. 2023-жылы кургак учуктун 4183 жаңы учуру катталган болсо, бул 2022-жылга салыштырмалуу 385 учурга аз болуп эсептелет. Айрыкча балдар арасында бул дартка кабылгандардын саны төмөндөгөн.

 

Президент Садыр Жапаров “Ибн Сина” атындагы Балдардын республикалык реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышы өтө маанилүү экенине токтолуп, эмгек жамаатына балдардын сакайып кетишине талбай кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Андан соң Мамлекет башчысы борбордун ишмердүүлүгү, ал жерде түзүлгөн шарттар менен таанышып, дарылоо бөлмөлөрүн, окуу кабинеттерин, актовый залды көрүп чыкты. Ошондой эле ал борбордун жамааты менен баарлашып, алар Президент Садыр Жапаровго балдардын жана кызматкерлердин жайлуулугу үчүн жасалып жаткан иштер үчүн ыраазычылык айтышты.

Связанный пост