Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Ысык-Көл облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин инфраструктурасын модернизациялоо иштери менен таанышты.

 

Мамлекет башчысына реконструкция жүргүзүлгөндөн кийин ден соолукту чыңдоо борборунун мүмкүнчүлүктөрү кыйла жакшырганы айтылды. Ушул жылдын күз айларынан баштап “Алтын Балалык” жыл бою кызмат көрсөтөт.

 

Мурда комплексте бир эле учурда 400 бала жайгаштырылса, азыр 800 бала бар. Бардык керектүү инфраструктура жаңыртылган: жаңы эмеректер, ысык цех, дарылоочу көнүгүүлөр, медициналык блок үчүн жабдуулар сатылып алынган, ошондой эле кызматкерлердин ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлдү.

 

Мындан тышкары, балдардын чыгармачылык потенциалын ачуу максатында искусство жана кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү менен алектенүү үчүн бөлмөлөр жабдылган.

 

Садыр Жапаров балдарды дарылоо жана ден соолугун чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал медициналык мекемелерди өнүктүрүүгө, жабдууларды модернизациялоого жана квалификациялуу адистерди даярдоого мамлекет өзгөчө көңүл бурууну улантарын айтып өттү.

 

Президент Садыр Жапаров ал жакка барганында балдар жашай турган бөлмөлөрдү, дарылоо корпусун, физиотерапия кабинеттерин, ашкана жана туз бөлмөсүн да көрүп чыкты.

Связанный пост