Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун директору Ахмед Аль-Шейх жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары республиканын туристтик мүмкүнчүлүгүн […]Читать далее
Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозачева Шаардык дезинфекциялык станциясынын жамаатына жаңы директорду тааныштырды. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун буйругуна ылайык дезинфекциялык станциянын жетекчиси болуп Кулов Бакай Кемелбекович дайындалды.Читать далее
Дайырбек Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.Читать далее
Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Читать далее
Бүгүн, 3-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү тегерек столу өтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Тегерек үстөл жыйыны Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө, жалпысынан экономика тармактарын өркүндөтүүгө арналган. Кыргызстан Aраб координациялык тобунун фонддорунун өлкөдөгү ишин жогору баалайт жана мындан ары дагы жемиштүү […]Читать далее
Араб координациялык тобунун кезектеги 4-жыйыны бүгүн, 3-августта, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул араб финансы институттарынын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн экономикалык блогунун өкүлдөрү менен төртүнчү жолугушуусу болот. Ушул күндөрү алдыңкы араб каржы институттарынын делегациясы Кыргызстанда болушат. Иш сапардын алкагында бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында курамына Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маэда Сигэки менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты. Өз кезегинде элчи «Run the Silk Road» Бишкек эл аралык жарым марафонун жана Япония күнү фестивалын өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Мэр шаардык муниципалитет мындай иш-чараларды өткөрүүгө ар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.Читать далее
Арстанбаев Мирлан Есенович Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее