Эмилбек Абдыкадыров Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

 Эмилбек Абдыкадыров  Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров  Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маэда Сигэки менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде элчи «Run the Silk Road» Бишкек эл аралык жарым марафонун жана Япония күнү фестивалын өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Мэр шаардык муниципалитет  мындай иш-чараларды өткөрүүгө ар дайым колдоо көрсөтүп, борбор калаада спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, борбор калаанын мэри Бишкек шаарындагы курулуп жаткан мектептердин бирине жапон классын ачуу сунушун киргизди.

Связанный пост