Бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусундагы иш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы №23 кесиптик лицейдин абалы менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Алсак, аталган билим берүү жайы 1957-жылы түзүлүп, учурда жыгач уста, унаа оңдогуч, ширетүүчү, ашпозчу өңдүү адистиктер боюнча 290 окуучу билим алат. […]Читать далее
Бүгүн, 22-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы шайланган Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Өлкөдөгү адам укугун, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоодо Акыйкатчы институтунун ролу жогору экенин белгилеген Төрага: “Акыркы жылдары бул мекеменин ишине карата түрдүү пикирлер айтылып, ар кандай баа берилип келет. […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин
Бүгүн, 22-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышты. Алсак, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн аталган кеңештин жыйынында депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү мекеме жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү болду. Иш-чарада экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө аяр мамиле кылуу керектигин айткан […]Читать далее
Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Парламентинин Эл аралык комитетинин төрайымы Алисия Кернс менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы […]Читать далее
Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын борбор калаасы Минск шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Жыйында сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев ушул жылдын январь айында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү. Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы иш сапарынын алкагында ЖККУ ПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин делегация башчылары менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, […]Читать далее
Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Көз карандысыздык сарайында өткөн жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары да катышты. Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учурдагы абалы жана анын келечеги […]Читать далее
Жогорку Кеңеш Джамиля Джаманбаеваны КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) кызмат ордуна шайлады
Бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди шайлоо маселеси каралды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Алсак, Джамиля Джаманбаеванын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы көрсөтүүдө. Талапкер тууралуу «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев маалымат берди. Ал эми Бакыт Рысбековдун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын борбор калаасы Минск шаарына барды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Иш сапардын алкагында Төрага ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйынына катышып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш-чараларына […]Читать далее
Бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Баку шаарындагы башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Алгач Төрага Жогорку Кеңеш тарабынан белек кылынып, башкы кеңсенин аймагына тигилген кыргыз боз үйүнүн ачылышына катышты. Боордош мамлекеттердин парламенттеринин башын кошкон Ассамблеянын кеңсесине кыргыз […]Читать далее