Жогорку Кеңеште Кытай элчилигинен парламентке техникалык жардам өткөрүп берүү алкагында атайын жыйын өттү

 Жогорку Кеңеште Кытай элчилигинен парламентке техникалык жардам өткөрүп берүү алкагында атайын жыйын өттү
Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Жогорку Кеңешке даректелген техникалык жардамды өткөрүп берүү-кабыл алуу актысына кол коюу аземинин алкагында Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Эльмира Эшенкулова, ошондой эле тармактык бөлүмдөрдүн башчылары да катышты.
Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев кытай тарапка кыргыз парламентине техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Кытайдын Кыргызстанга көрсөткөн олуттуу колдоосу эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат», – деген А.Алымбаев, кыргыз-кытай байланыштарын өнүктүрүүдөгү элчи Ду Дэвэндин жеке салымын белгилеп, ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнь дипломатиялык ишмердүүлүгүн алкагында жасалган иштерге кеңири токтолуп, Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды мындан ары арттырууга кызыкдар экенин билдирди.

Связанный пост