Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Австрияга расмий сапары башталды. Алгач төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегацияны Вена шаарындагы Парламент сарайында Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка тосуп алды. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо тилегин жазып калтырды. Алсак, делегациянын курамында депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, […]Читать далее
Бүгүн, 15-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Австрия Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти. Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле Нурланбек Шакиев Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Улуу Жеңиш майрамына арналган митинг-реквиемге
Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Ошондой эле салтанатта Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, ардагерлер, шаар тургундары, меймандар жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болду. Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды. “Кадырлуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери! Ардактуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсү катары тарых бетинде […]Читать далее
Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыяр Калпаев, Илимбек Кубанычбеков жана Бекмурза Эргешов ант берди. Белгилей кетсек, Бактыяр Калпаев Баткендеги №2, Илимбек Кубанычбеков Кара-Суудагы №9, Бекмурза Эргешов №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан шайланды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы үч депутаты “Мекенчил” депутаттык тобунун курамына киришти.Читать далее
ЖК депутаты ата-энесине камкордук кылбаган жана алимент төлөбөгөндөрдү жазалоону сунуштады
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын балдарды алимент төлөө боюнча милдеттерди жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окуу каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов карылар үйүнө ташталган ата-энелердин саны өсүп жатканын, бирок алар эч качан өздөрүнүн балдарына карата арыз […]Читать далее
Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды. Нурланбек Шакиев алардын ар бири менен баарлашып, карап жаткан жакындары менен да сүйлөштү. “Келечек ээлеринин саламаттыгы баарынан кымбат. Андыктан, балдардын катышуусундагы иш чараларды өткөрүүдө алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Көңүл кош жасалган мамиленин кесепети оор болорун Сузактагы […]Читать далее
Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Камила Талиева жана Кундузбек Сулайманов Бишкек шаарында дарыланып жаткан балдардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Бейтапкананын башкы дарыгери Акылбек Маманов балдардын абалы тууралуу маалымат берди. Дарыгер белгилегендей, учурда балдардын абалы туруктуу, 4 бала жандандыруу бөлүмүндө, калгандары сынык-жарат бөлүмүндө дарыланууда. Бир күндөн соң жандандыруу бөлүмүндөгү балдар жалпы палатага […]Читать далее
2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктады. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 033 шайлоочу киргизилген. №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 12 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 […]Читать далее
2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктады. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 55-шайлоо участкасы түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесинде 125 386 шайлоочу киргизилген. №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 14 талапкерди каттады. Алардын ичинен Кыргыз […]Читать далее