Бүгүн, 31-августта Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында өткөрүлгөн майрамдык салтанатка катышты. Иш-чарада Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, салтанаттын алкагында Сулайман тоонун этегинде жайгашкан Алымбек Датка атындагы сейил багында туу көтөрүү аземи өттү. Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды.Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. “Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август – Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм! Мындан туура 32 жыл мурун 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы туурулуу декларация” кабыл алган. Бул тарыхый документке ылайык […]Читать далее
Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Өзгөн районундагы иш сапарынын алкагында Жаман-Адыр участогундагы 719 га жерди суу менен камсыздоо иши менен таанышты. Алсак, Жаман-Адыр участкасында жалпысынан 1425,9 га жер аянты бар. Анын ичинен 130,8 га аянты калктуу конуш, калган аянты айыл чарба багытында колдонулат. Андыктан, айдоо аянттарын суу менен […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Өзгөн районундагы социалдык мекемелердин абалынан кабар алууда
Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Өзгөн районундагы иш сапарынын алкагында Алга айылында жайгашкан “Азада Апа” балдар бакчасынын абалы менен таанышты. Алсак, аталган бала бакча 1981-жылы чабандар үчүн курулган жатаканага жайгаштырылган. Азыркы тапта авариялык абалдагы бала бакчада 60тан ашуун бала тарбияланып, 180дей наристе кезекте турат. Андыктан, жаңы бала бакча […]Читать далее
Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага Ана-Кызыл айылында жайгашкан А.Өмүрзаков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Алсак, аталган мектептин бир корпусу 1980-жылы курулса, экинчиси 1988-жылы салынып, үчүнчүсү 1995-жылы ашар жолу менен бүткөрүлгөн. Пайдубалдарында жана дубалдарында жарака кетип, авариялык абалга кептелген […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Дэвид Макаллистер баштаган Европа Парламентинин мүчөлөрү менен
КР ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев Европа Парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилеп: “Кыргызстан Европа Биримдиги менен калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дайыма кызыкдар. Айрыкча […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев “Тилимпоз” долбоорунун негиздөөчүлөрүн кабыл алды
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев “Тилимпоз” долбоору аркылуу мамлекеттик тилди жайылтуу аракетин көрүп келе жаткан жаштарды кабыл алды. Алсак, Тилек Нурдинов, Нуржигит Асанов жана Муслим Таалайбек уулу баштаган жаштар “Тилимпоз” долбоорун негиздеп, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди туура колдонууга багытталган иш-чараларды уюштуруп келет. Жолугушууда Төрага Нурланбек Шакиев демилгелүү жаштардын жасаган иштерине […]Читать далее
Бүгүн, 21-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) сенатору Гэри Питерс менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш АКШнын Конгресси менен ар тараптуу алаканы арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Сиздин бул иш сапарыңыз мындан аркы байланыштарды […]Читать далее
Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарындагы Аксы райондук мамлекеттик архивинин имаратынын ачылыш аземине катышты. Алсак, Аксы райондук мамлекеттик архиви тарыхый маалыматтарда 1939-жылдан бери иштеп келгендиги айтылат. Бирок азыркы күнгө чейин атайын имаратка ээ болгон эмес. Мекеме ар кайсы жерде жайгашып, документтерди талаптагыдай […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Аксы районундагы социалдык мекемелердин курулушунан кабар алды
Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы иш сапарынын алкагында социалдык мекемелердин курулушунан кабар алды. Тагыраагы, Төрага Кара-Жыгач айыл аймагында жайгашкан Асанбек Кулубаев атындагы орто мектептин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Алсак, учурда 150 окуучуга ылайыкташкан жаңы окуу имараты салынууда. Бардык шарттары менен ишке бериле турган курулушка 127 […]Читать далее