Төрага Нурланбек Шакиев Аксы районундагы социалдык мекемелердин курулушунан кабар алды

Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы иш сапарынын алкагында социалдык мекемелердин курулушунан кабар алды.

Тагыраагы, Төрага Кара-Жыгач айыл аймагында жайгашкан Асанбек Кулубаев атындагы орто мектептин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Алсак, учурда 150 окуучуга ылайыкташкан жаңы окуу имараты салынууда. Бардык шарттары менен ишке бериле турган курулушка 127 млн сом каралып, тендердик наркы 93 млн сом деп эсептелген. Курулуштун жүрүшүн көргөн Төрага жумуштар жай аткарылып жатканын сынга алып, жаңы окуу жылы башталганча бүткөрүү талабын койду.

Андан соң жергиликтүү эл менен да жолугушту. Жолугушууда тургундар Кара-Суу, Кызыл-Туу жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндө таза суу маселеси чоң көйгөй экенин маалымдашты. Төрага Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловго аталган көйгөйдү чечүү үчүн керектүү долбоорду киргизүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары жарандар Сары-Челек – Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар менен камсыздоону суранышты. Атайын каттам киргизилсе, туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүлүп, жергиликтүү элди жумуш менен камсыздоого көмөкчү болорун кошумчалашты. Төрага аталган маселени да тиешелүү жетекчилерге табыштап, калктын талабы аткарылышы керектигин белгиледи.

Андан тышкары, аталган айылдарда бала бакча маселеси да курч. Алсак, Кызыл-Туу айылындагы №14 “Гүлкайыр” бакчасынын имараты 1997-жылы жеке менчикке менен сатылып кеткен. Андыктан жаңы бала бакча ачуу зарыл.

Кызыл-Туу айылынын тургундары менен жолугушууда Төрага өлкөдө жасалып жаткан иштерге токтолуп, ири реформалар тууралуу сөз кылды. Анын ичинен курулуш тармагында эбегейсиз иштер аткарылып, мектептерди, бала бакчаларды жана жолдорду салуу иши жигердүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле жолугушуу алкагында Нурланбек Шакиев Аркыт айылындагы жаштардын демилгеси жалпы кыргызстандыктар үчүн үлгү экенин билдирди. Алсак, аталган айылдын жаштары өз алдынча спорт зал куруп, ашар жолу менен бүткөрүшкөн. Ага ылайык Төрага жаштардын демилгесин колдоого алып, кошумча жардам катары резервдик фондунан 200 миң сом тапшырды.

Связанный пост